Профессор Мустафа Орчан проректор болуп дайындалды


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору болуп профессор, доктор Мустафа Орчан дайындалды.
Үстүбүздѳгү жылдын 21-сентябрында окуу жайдын ректору, профессор, доктор Алпаслан Жейлан жаңы дайындалган проректорго университеттин тѳш белгисин тагып, ийгилик каалады.
Эске салсак, гуманитардык факультетинин профессору, доктор Мустафа Орчан 2019-жылдан бери КТМУнун Коомдук илимдер институтунун директору кызматын аткарып келген.

 

Медиа Манас