Ахыска түрктөрү эскерилди


Студенттик Кеңештин “Кел түркчө сүйлөшөлү” долбоору тарабынан “Ахыска түрктөрүн эскерүү кечеси” өткөрүлдү. Эскерүү кечесине ректор, проф., док. Себахаттин Балжы, Ахыска түрктөрүнүн ассоциациясынын башчысынын орун басары Абдуллах Махмутов, Бишкек шаарында жашаган Ахыска түрктөрү жана студенттер катышты.


Эскерүү кече эки өлкөнүн гимндери менен башталып, Ахыскалык түрктөрдүн жашоосу баяндалган тасма көрсөтүлдү. “Сүргүнгө сүрүлгөн түрктөрдүн тагдыры өтө оор болгон. Бирок ага карабай сүрүлүп келген түрктөр Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын, бир туугандарыбыздын топурактарына келип, баш көтөргөн”, – деди ректор Себахаттин Балжы.

Ал эми Абдуллах Махмутов “Бүгүнкү театр аркылуу Ахыскалык түрктөрдүн ошол замандагы жашоосуна алып барып келгендей болдуңар. Ахыска түрктөрү силердей урпактарыбыз менен эч качан унутулбайт”, -деп билдирди.


Эскерүүдө көркөм өнөр факультетинин 4-курсунун студенти Аладдин Жахалов жана коммуникация факультетинин студенттери Фуркан Сезмиш менен Серхат Акбаштын режиссёрлугунда “Ахыска сүргүнү” аталышындагы сахналаштырылган сценка көрсөтүлдү. Сценкада Ахыскалык түрктөрдүн оор тагдыры, аялдардын, балдардын кыйынчылык турмушу, кайгы-муңу көрсөтүлгөн. Анда жалпы 35 студент роль аткарышып, эки айга жакын даярдык көрүшкөн. Ал эми сценарийин гуманитардык факультетинин магистранты Ахмет Жан Демир жазган.


Мындан тышкары кече “Музыка” клубунун чыгармалары менен коштолду.
Белгилей кетсек, 1944-жылы сүргүнгө сүрүлгөн Ахыскалык түрктөргө 74 жыл толду.

Даярдаган: Адинай Курманова