Видео-ролик кароо-сынагында студенттерибиз 1-орунду алышты


Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгү (Euro Union) тарабынан уюштурулган кыска видео-ролик кароо сынагында коммуникация жана экономика факультетинин студенттеринен куралган команда 1-орунду жеңип алды. 

Кароо-сынакта  катышуучулар “Демократия-бул” темасынын алкагында видео-ролик даярдашкан. Сынакта жалпы 70 тен ашык видео-ролик ат салышып, жеңүүчүлөр  эки категория боюнча тандалып алынган. Биринчи категорияда 17-жашка чейинки окуучулар арасында жана экинчиси  17 жаштан жогорку чоңдор арасында каралган. 

 Коммуникация факультетинин 2-курсунун студенттери Саламат Шакиров, Азамат Кадыров жана экономика факультетинин 2-курсунун студенти Тимур Бапиев  бир команда болуп демократия темасында видео даярдашкан. Жыйынтыгында Саламат Шакировдун баштаган командасы 1-орунга ээ болуп,  “MacBook Air” ноутбугу жана белектер менен сыйланышты. Саламат Шакиров “Жеңүүчү болгонубузга командабыз менен ишене албай турдук. Кылган эмгегибиздин акыбети кайтканына сүйүнүп отурабыз”,- деп билдирди. 

Даярдаган: Адинай Курманова