“Айтматов ааламы” акыл таймашы өттү


Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында  улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай Студенттик Кеңештеги клубдар арасында “Айтматов ааламы” аталышындагы акыл таймаш өткөрүлдү. Иш-чара  Студенттик Кеңештин “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан уюштурулду.

Акыл таймашка жалпы он команда катышып, эки тур менен күч сынашты. Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымалына жана чыгармаларына байланышкан суроолорго жооп беришти.  

Мелдеш улуу жазуучубуздун өмүр таржымалы менен чыгармаларын жайылтуу жана студенттик клубдар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган.

Жыйынтыгында 3-орунга  “Билим” комитети ээ болсо, 2-орунду “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубу ээледи. Ал эми чемпиондукту “Манас” дебаттык клубу жеңип алды.

Даярдаган: Адинай Курманова