“Унутулган салт” тасмасынын бет ачаары өттү


“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун демилгеси менен даярдалган “Унутулган салт” кино тасмасынын бет ачаары өткөрүлдү. Иш-чара Студенттик Кеңеш тарабынан уюштурулду. Тасманын бет ачаарына “Ыйман” фондунун долбоорлор координатору Табылды Муратбеков, тасманын тартуучу тобу, актёрлор жана студенттер катышты.

Иш-чара тарбиялык мааниси чоң “Мекенибиз жүзүбүз”, “Ата-эне” аттуу видео-роликтер менен башталып, “Стипендия” кинотасмасы менен уланды. Тасмадан мурун тартуучу топ тарабынан кино тууралуу маалымат берилди. “Салттын болгону жакшы, бирок маанилүүсү аны кандай колдонгонубузда. Бул тасма көрөрмандардын жашоосунда таасирин тийгизсе, тасма максатына жеткен болот”,- деп билдирди “Ыйман” фондунун долбоорлор координатору Табылды Муратбеков. 

“Унутулган салт” тасмасында бир үй-бүлөнүн турмушундагы кыйынчылыктар жана салтка шылтоолоп, терс кадамдарга барган бир туугандардын жашоосу чагылдырылган.

Иш-чаранын соңунда студенттерге тасманын каармандары тууралуу суроолор берилип, белектер тапшырылды.

Даярдаган: Адинай Курманова