Добро пожаловать


Ректор жана Биринчи проректордун кайрылуусу 

           

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) - боордош өлкөлөр Түркия жана Кыргызстан мамлекеттери тарабынан биргелешип курулган өзгөчө статуска ээ эл аралык мамлекеттик университет.
 
КТМУда Кыргызстандан тышкары 14 өлкөдөн (Түркия, Азербайжан, Түркмнистан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Монголия, Кытай Эл Республикасынан ж.б.) келген студенттер билим алышат. Университетте 2 жылдык кесиптик билим берүү программаларынан баштап, бакалавр, магистратура жана аспирантура (PhD) программалары бар. Жалпысынан КТМУда 9 факультет, 4 жогорку мектеп, 1 кесиптик жогорку мектеби, 2 институт жана 6 илимий-практикалык изилдөө борбору иш алып барат. КТМУ акысыз билим берген жана студенттерди стипендия менен камсыз кылган Кыргызстандагы бирден бир жогорку окуу жай болуп саналат.
 
Биздин университет Орто Азиядагы студенттик шаарча тибинде (кампус) салынганы менен өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайы. Анда окуу кампустарынын заманбап имараттары; студенттердин практикалык тажрыйбасын өнүктүрүүгө багытталган лабораториялар; окуу процесси үчүн толук жетиштүү, илимий-методикалык жана окуу китептеринен тышкары, электрондук китепканаларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ китепканалары жана окуу залдары; студенттерди тейлөө комплекстери (студенттик бейтапкана, машыгуу залдары, жеңилдетилген баада тамак-аш менен студенттерди камсыз кылган ашкана жана буфет); бардык шарттары менен студенттик жатаканалары бар.
 
КТМУнун негизги максаты – билим берүүдө эл аралык брендге айланып, дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын алдыңкы катарына чыгуу менен, түрк дүйнөсүнүн биримдигине жана өнүгүүсүнө салым кошуу. Андыктан КТМУ ар түрдүү улуттан турган студенттердин арасында достукту, сый-урматты, түрк коомчулугунун ынтымак-ырашкердигин арттырууну, ошондой эле адамгерчилик сапаты бийик инсандарды, ааламдашкан дүйнөдө артыкчылыкка ээ жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону көздөйт.
 
Технологиялык, экономикалык, коомдук ж.б. өзгөрүүлөрдүн темпи болуп көрбөгөндөй өскөн бүгүнкү шартка ылайык КТМУнун модулдук системада түзүлгөн окуу программалары улам иштелип, өзгөртүлүп отурат. Мунун өзү КТМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн коомчулуктун жана кызмат чөйрөсүнүн талаптарына толук жооп берген адис катары даярдалып чыгуусун шарттайт. Мындан тышкары дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келүү максатында КТМУ окуу программаларын Болон процесси менен айкалыштырып, эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн бир катар иш-аракеттердин, долбоорлордун үстүндө иштеп келет. Бул багытта биздин университет башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен студенттер жана окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу; эки өлкөдө тең жарамдуу диплом берүү программалары; долбоорлорду өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташууларды үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Мындай иш-аракеттерибиз аркылуу биз эл аралык атаандаш жогорку окуу жайлардын алдыңкы катарына чыгып, дүйнөлүк билим жана илимге өз салымыбызды кошууну көздөйбүз.
 
КТМУнун материалдык-техникалык базасы окуу процессин жогорку сапатта жүргүзүүгө толук шарт түзөт. Окуу жайыбыздын өз массалык маалымат каражаттары – акыркы технологиялар менен жабдылган телестудиясы жана “Манас FM” радиосу бар. Ошондой эле ар бир адистиктин талабына жараша курулган лабораториялар, дарсканалар заманбап техникалар менен жабдылган.
 
КТМУ Айкөл Манастын жана Ататүрктүн осуяттарын бекем тутуп, жаштарга татыктуу билим берүү менен бирге түрдүү мүнөздөгү социалдык колдоо программаларын жигердүү жүргүзүп, эки өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келүүдө.
 
  Биздин университет Кыргызстандагы, Түркиядагы жана дүйнөнүн ар тарабындагы жогорку окуу жайлары, түрдүү тармактагы мекеме, уюм, жарандык коомдор жана кызмат чөйрөсү менен кызматташууга ар дайым даяр.
 
КТМУнун сайтына кирип, университетибиз тууралуу маалымат менен таанышканыңыздар үчүн Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!
 
 
 
     Проф., докт. Алпаслан Жейлан                    Проф., докт. Асылбек Кулмырзаев
 
                  Ректор                                                             Биринчи Проректор