Студентибиз “Спорт чебери” аталды


    Көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмүнүн  2-курсунун студенти Майрамбек уулу Жолдошбек WEF Global Кыргызстан чемпионатында эрежесиз эр уруш боюнча 57 кг салмактагы спортчулар арасында баш байгени жеңип,  “Спорт чебери” аталды.

    “Бул жылдагы башкы максаттарымдын бири “Спорт чеберин” жеңүү болчу.  Буюрса эл аралык турнирлерде да элимдин желегин желбиретип, баш байгелерге жетүү тилегим бар”,- деп билдирди Жолдошбек Майрамбек уулу.

    Кошумчалай кетсек, Жолдошбек эрежесиз эр уруш менен эки жылдан бери “Боец” клубунда машыгат. Буга чейин 2017-жылы Астанада өткөн турнирде 1-орунду жеңип алган.

Даярдаган: Адинай Курманова