Студенттерибиз залкар композитор Кара Караевдин чыгармачылыгы менен таанышып кайтты


    А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 20-кылымдын атактуу композитору, Азербайжан СССРнин Эл артисти Кара Караевдин 100 жылдыгына арналган гала концерт өттү. Иш-чара Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилиги тарабынан уюштурулган. Концертке  “Манас” университетинин ректору, окутуучулары жана студенттери катышып, улуу композитордун чыгармачылыгы менен таанышып кайтты.

    Иш-чарада Кара Караевдин өмүрү-чыгармачылыгы баяндалган видео-тасма көрсөтүлдү. Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Маданият, маалымат жана туризм министри Айнура Кубанычбекова “Залкар композитордун чыгармалары бүткүл адамзатка руханий байлык тартуулайт. Анын чыгармалары эч качан унутулбайт”,- деп билдирди. Ал эми Азербайжандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Оруджев Гидаят  “Кара Караевдин чыгармалары түрк дүйнөсүндө гана эмес, Европанын белгилүү сахналарында коюлуп келген  улуу композитор”,- деп баса белгиледи.

    Концерттин жүрүшүндө Кара Караевдин чыгармаларын Азербайжандын эмгек сиңирген артисти Азер Зайналов жана Кыргызстандын белгилүү опера ырчысы Алмаз Истамбаев баш болгон опера ырчылары аткарышты.

Даярдаган: Адинай Курманова