“Мен жол эрежесин билем” конкурсунун сыйлоо аземи өттү


Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында №95 мектеп-гимназиясында  1-8-классынын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн  “Мен жол эрежелерин  билем” аттуу сүрөт тартуу жана дилбаян жазуу конкурстарынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

        Окуучуларды сыйлоо аземине университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы, проректорлор проф., док. Анварбек Мокеев жана проф., док. Хусейин Өгүт катышып, жеңүүчүлөргө грамота жана белектерди тапшырды.

        “Жол эрежелери” темасынын алкагында даярдалган 100 дөн ашык  сүрөт жана дилбаяндардын арасынан эң мыкты 18 эмгек сыйлыкка татыктуу болду.  Жеңүүчүлөр грамота жана белектер менен сыйланды.

        Аталган мектептин директору Акмашева Анара “ Окуучуларыбызга жол эрежелерин үйрөтүү менен алардын өмүрүн сактоого барабар иш кылып жатасыздар. Ал эми сүрөт жана дилбаян конкурстары аркылуу окуучуларыбыз өзүлөрүнүн башка таланттарын да ачууда”,-деп билдирди.

        Сыйлоо аземининде 10-11-классынын окуучулары үчүн “Манас” университетинин таанытуу иш-чарасы орун алды. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын таанытым видео-тасмасы көрсөтүлүп, университеттин шарттары тууралуу кенен маалымат берилди. Ошондой эле окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

        Белгилей кетсек, иш-чара Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер  жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде “Манас+” командасы тарабынан уюштурулууда.

Даярдаган: Назарбай кызы Аксаамай