“Ак-Ниет” клубу 5 жашын белгиледи


Үстүбүздөгү жылдын 20-февралында  “Ак-Ниет” кайрымдуулук клубунун  5 жылдыгын  белгиленди. Иш-чарада белгилүү эстрада ырчылары жана студенттер таланттарын тартуулашты.

    Концерттик программанын жүрүшүндө аталган клубдун беш жыл ичинде аткарган кайрымдуулук  иштеринин видео-тасмасы көрсөтүлдү. Эстрада ырчылары  Адилет Азимов, Афтандил, Толгонай Арзыкеева, Илгиз Абдалиев, Неля жана бүтүрүүчүбүз Урмат Усенов өнөрлөрүн тартуулап кайтты.

     Ошондой эле  КУАУнун (Кыргыз улуттук агрардык университети), КМЮАнын (Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясы) жана окуу жайыбыздын  “Мага жагат” тамашака клубу менен “Evol” бийчилер тобунун студенттери таланттарын тартуулашты. Кечеде алып баруучулук кызматта белгилүү алып баруучу, бүтүрүүчүбүз Урмат Борченов болду.

      Жыйынтыгында концерттин катышуучуларына жана клубдун топ башчыларына ыраазычылык каттары тапшырылды. Мындан тышкары клубда башчылык кылып келген Тынчтыкбек Майрамбек уулу  ордун Аскар Абдукаимовго өткөрүп бергенин билдирди.

       Белгилей кетсек,   “Ак-Ниет” клубу “Өчпөс үмүт”,  “Баарыбыз бирдейбиз”, Балам балалуу болгондо билээрсиң” жана “Билимиң менен бөлүш” деген төрт долбоордун алкагында иш алып барат.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы