Активдүү студенттерге ректордун сый тамагы берилди


Үстүбүздөгү жылдын 22-февралында Социалдык курулуштар имаратынын экинчи кабатында ректордун сый тамагы берилди. Иш-чарага университетибиздин эң активдүү студенттери жана Студенттик Кеңеш, Эл аралык студенттер координаторлугу катышты.

Сый тамак үстүндө ректор проф., док.Себахаттин Балжы  “Ректор болуп келгенде окуу жайыбызды эң алдыңкы университет кылуу максатым болгон. Биз максатыбызга жеттик жана дагы да алдыда жасай турган иштерибиз, багындырчу ийгиликтерибиз көп.

Мындай ийгиликке ар бир студенттин салымы менен жеттик. Ар бириңер өзүнчө  бир жөндөмгө, өзгөчөлүккө ээсиңер”- деп белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган чакан программадагы концерт тартууланды.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова