ЭРУЛАН КОКУЛОВ, ЖУРНАЛИСТ, БЛОГГЕР: «ЭЛ ТАКТЫКТЫ ТАЛАП КЫЛГАНДЫ ҮЙРӨНҮШҮ КЕРЕК»


Бузулган укуктар, аткарылбаган милдеттер жана мыйзамга баш ийбегендерге каршы күрөшүү жана кандай иш-аракеттерди жасоо керектиги боюнча "Өз укугуңду коргоо" аталышында семинар уюштурулду. Аны "Не сахар" берүүсүнүн алып баруучусу, блогер Эрулан Кокулов өтүп берди. Иш-чара "Инсандык өнүгүү" клубу тарабынан уюштурулуп, Экономика жана башкаруу факультетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында 3-декабрь күнү болду.

Коомдогу мындай терс көрүнүштөрдү сен жана мен токтотпосом, коом эч качан оңолбойт деген Эрулан Кокулов, "Учурда биз билбеген, эл мыйзам деп кабыл алган көптөгөн туура эмес нерселер бар. Жөнөкөй эле мисал, маршруткага төлөнүүчү акы, депозиттер сыяктуу биз билбеген мыйзамсыз. Биз мыйзам, укуктарды билбегенибиз үчүн жөн эле акча төлөй беребиз жана туура эмес нерселерди көрсөтүп бергенден коркобуз. Жыйынтыгында элдерге боло берет деген ойдо, каалаган нерселерин жасай беришет. Эгер эл тактыкты талап кылса ишкерлер да так иштешмек, андыктан талап кылганды үйрөнүү керек",- деди.

Мындан башка өзүнүн коомдогу терс көрүнүштөргө көз жума албай журналистикага кадам таштаганы тууралуу маалымат берип, студенттерге " Коомду оңдой тургандар силерсиңер" деп кошумчалады.

Белгилей кетчү нерсе, Эрулан Кокулов журналистика жаатында билим алган эмес. Ал экономика факультетин аяктаган. Анын "Не сахар" берүүсү дүкөн, маркет, гипермаркет, тез татым сыяктуу коомдук жайлардагы тазалыкты, товарлардын тастыкталгандыгын текшерүү, журналистик укукту коргоосу менен коомчулукка таанылган.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы