УНИВЕРСИТЕТТИ ТААНЫТУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА


Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында “Креатив - Таалим” билим берүү мекемесинин окуучулары окуу жайыбыз менен таанышуу максатында саясат кылып кайтышты.


Уюштурулган бул иш-чарага жалпысанан 56 окуучу келди. Алгач эле келген топко Касым Тыныстанов жыйындар залында университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң окуу жай жөнүндө жана окууга кантип тапшыруу жөнүндө маалыматтар берилди. Ошондой эле окуучулар кызыккан суроолоруна дагы жооп ала алышты.


Мындан сырткары келген окуучулар университеттин бардык факультет, лаборатория, китепкана, студенттер жатаканасы жана радио, тв студиялары менен таанышып чыгышты.
Аталган иш-чаранын соңунда окуучулар университетте көптөгөн шарттар түзүлгөнүн жана бул жерде окугусу келгендерин айтышты. Университеттин аябай чоң кампуска ээ болгонун билдиришти. 


Даярдаган: Мухаммед Куртоглу
Которгон: Нурзат Казыбекова