ЖЫЛ БАШЫ КАЙРЫМДУУЛУК ИШИ МЕНЕН БАШТАЛДЫ


Студенттик кеңештин алдындагы "Ак-ниет" жана "Биолайф" клубдары кышкы эс алууда болгондоруна карабай, борбор калаабыздагы балдар үйүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берип кайтышты.
Аталган клубдар декабрь айында кайрымдуу студенттер тарабынан чогултулган жылуу кийимдерди берип келишкен.


Мындан сырткары студенттер, 17-январда Алай районуна жайгаштырылган Памирлик кыргыздарга жолугуп келишти. Мында студенттер биология бөлүмүнүн мугалимдери тарабынан чогултулган акчага түрдүү витаминдерди жана кийим-кечектерди алып барышкан.
Бул тууралуу Студенттик кеңештин төрагасы Аскарбек Абдуакимов, «Өлкөбүздө жардамга муктаждар көп. Аларга жыл сайын биздин окуу жайдын студенттери да жардам берип келишет. Бул жолу да кыштын суугуна карабай, кышкы эс алууну кайрымдуулук иши менен айкалыштырып кайттык»,-деди.
Памирлик кыргыздарга жардам берүү демилгесин көтөргөн окуу жайыбыздын 3-курсунун студенти Талантбек уулу Сагынбек мындайча ой бөлүштү : «Памирлик кыргыздарга атайын алардын салттарына туура келген өңдөрү кызыл кийимдерди тандап жеткирип бердик. Витаминдерди да берип, аларды кандай пайдалануу керектиги тууралуу маалымат берип келдик».
Эскерте кетсек, 23-декабрда Алай районуна караштуу Сары-Могол айыл өкмөтүнө Чоң жана Кичи Памирден 9 үй-бүлө көчүп келген.



Даярдаган:Аксаамай Назарбай кызы