MANAS CUP-2019 FINAL


«Манас CUP-2019» футболдук турнирнин финалдык беттеши жана сыйлоо аземи 29-сентябрь күнү болуп өттү. Финалда КТМУ, Хаят Ридженси, Газпром Кыргызстан жана АКБ Кыргызстан компанияларынын футболдук командалары күч сынашышты.

Турнирдин жыйынтыгында 4-орунду Hayat Regency, 3-орунду АКБ Кыргызстан, 2-орунду Газпром Кыргызстан командасы багындырды. Ал эми бул кубоктун жеңүүчүсү болуп КТМУ футболдук командасы аталды. Жеңүчү аталган КТМУ командасына кубок жана 7000 сом, экинчиликти багындырган тайпага 6000 сом,3-орунга 5000 сом ал эми 4-орунга топ берилди. Мындан тышкары "Эң мыкты чабуулчу" наамын Hayat Regency командасынан Мирбек Жоробек уулу, "Эң мыкты дарбазачы" наамын АКБ Кыргызстан тайпасынын мүчөсү Улукбек Бектенов, ал эми "Мыкты коргоочу" наамын Канат Бектурганов алды.

Сыйлоо аземинде университеттин ректору проф., док Себахаттин Балжы турнирге катышкан командаларга ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Ал эми Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү проф., док. Канат Жанузаков катышуучуларды мындан ары да дайыма спорт менен машыгууга үндөп, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырды.

                                                                             Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы