«МАНАС» КЫРГЫЗ ДЕБАТТЫК КЛУБУ ЖАҢЫ МҮЧӨЛӨРГӨ ЭШИГИН АЧТЫ


Университетибиздин Экономика жана башкаруу факультетинин Касым Тыныстанов  жыйындар залында "Манас" кыргыз дебаттык клубунун жаңы окуу жылына ачылыш аземи 5-октябрда болуп өттү. Иш-чарага окуу жайыбыздын Студенттик кеңешинин төрагасы, Республикалык дебат борборунун координатору, "Манас" кыргыз дебат клубунун президенти, кыргыз лигасынын мурунку кординатору жана мүчөлөрү болуп жалпы 300гө жакын киши катышты.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн  Студенттик кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу, дебат өзүңдү өнүктүрүүнүн, өз оюңду туура жеткирүүнүн мыкты жолу экендигин белгилеп өттү.  

 Ал эми клубдун координатору Жолболду Тыныбеков: "Дебат дүйнөсүнөн чыккан ийгиликтүү жаштар азыр арабызда көп. Дүйнө жүзүндө дагы дебат түшүнүгү кеңири тарап жаткан учур. Мындан улам биздин катарыбызга кошулгусу келгендердин саны күн санап өсүүдө»,- деди. "Ойлоп жаткан оюмду туура, ирээти менен жеткирүүдө тартынам, кыйналам. Мен дебатка ушул нерсемди жеңүүгө,өзүм менен күрөшүү үчүн келдим»,- дейт даярдоо курсунун студенти Нуркыз Пархатова.

Кошумчалай кетсек, "Манас» кыргыз дебаттык клубунун учурда 30дан ашык кубогу бар.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы