ПРОВЕДЁН ПОСЛЕДНИЙ СУББОТНИК ГОДА


Бишкек шаардык муниципалитет башкармалыгынын демилгеси менен 16-ноябрда шаарыбыздын төрт көчөсүндө, 2019-жылдагы акыркы айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чарасы уюштурулду.

Айлана-чөйрөнү тазалоо демилгесине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери дагы катышып кайтты. Алар окуу жайыбыздагы Студенттик Кеңештин мүчөлөрү, Эл аралык студенттер менен иш алып баруу координаторлугунун өлкө өкүлдөрү, “Кел, түркчө сүйлөшөлү!” клубу жана башка мүчөлөрү болуп, жалпы 300гө жакын студент катышышты.

 

Студенттер шаарыбыздын таза болуусу үчүн, парктарды тазалоого жардам берип, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Мындан сырткары мамлекетибиздин Президенти Сооронбай Жээнбекдун дал ушул күнү 60 жашка толушу менен студенттер кыргызча, түркчө, орусча, англисче, кытайча жана француз тилинде куттуктоо айтып куттукташты. 

Даярдаган: Мухаммед Куртоглу

Которгон: Нурзат Казыбекова