АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР АЛТЫНДАН КЫМБАТ


2019-жылдагы Кочкор археологиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча отчёттук программа 4-декабрь күнү, Экономика жана башкаруу факультетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында болуп өттү.

Жыйынга университетибиздин ректору, проректору, Тарых факультетинин деканы, ага-окутуучулук жамаат жана казууга катышкан студенттер катышышты.
Иш-чаранын ачылышында проф.,док. Кубатбек Табалдиев:" Кочкордогу 21 күндүк маанилүү эстеликтерди ачуу эл аралык деңгээлге жетти. Музейибиз жаңы табылгалар менен толукталып олтурат, ал үчүн казууга катышкан студенттерге жана башка университетте түзүлбөгөн шартты түзүп берген жетекчиликке ыраазычылык билдирем",-деди.


Ал эми биздин музей кичине болсо да, Орто Азиядагы эң баалуу музейлердин катарын толуктайт деген окуу жайдын ректорду проф.,док. Себахаттин Балжы: " Биз ким экендигибизди, маданиятыбызды билүү үчүн жана мурунку нерселерди өнүктүрүп жаткандыгыбызды ушул казуулардын негизинде биле алабыз.Табылган эстеликтер алтындан да кымбат, алар кайталангыс башка эч жерден таба албайбыз. Эстеликтерди дагы да көбөйткөнгө салымын кошкон студенттер азаматсыңар ",- деп белгиледи.


Иш-чарада казууга барган студенттер үйрөнүп келген нерселери, эсте калган кызыктуу окуяларын айтып беришти. Андан тышкары атайын казуудагы жана анын жыйынтыктары боюнча тартылган видеотасма коюлду.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы