“Bio Life” клубу “Ак-Кайың”аллеясын түздү
2-апрель күнү окуу жайыбызда Биология бөлүмүнүн ботаникалык бакчасында, “Bio life” клубу тарабынан дарак тигүү иш-чарасы болуп өттү. Ага табигый илимдер факультетинин деканы проф.,док. Али Осман Солак, Биология бөлүмүнүн жетекчиси доц.,док. Гүлбүбү Курманбекова, мугалимдер жана студенттер катышты.
 (3).jpeg)
Иш-чаранын максаты, университетибизди жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө салым кошуу болуп саналат.
 (1).jpeg)
Дарак тигүү иш-чарасы Биология бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрүнүн “Ак-Кайың” аллеясы болуп аталды.
 (2).jpeg)
Даярдаган: Нурзат Казыбекова

