Ататүрктү эскерүү
Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында университеттин жаңы жыйындар залында Мустафа Кемаль Ататүрктү эскерүү күнү белгиленди.

Иш-чарада Ататүрктүн басып өткөн жолу, эл үчүн кылган эмгеги, эрдиги, акылмандыгы айтылып, докладдар окулду. Ошондой эле “10-ноябрь” документалдык фильми көрсөтүлүп, “Ататүрк сүйгөн ырлар” аталышындагы концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрк алгачкы жолу 1923-жылы президент болуп шайланып, кийин катары менен үч ирет бул милдетти татыктуу аркалаган.

Кабарчы: Адинай Курманова

