Ататүрктү эскерүү


Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында  университеттин жаңы жыйындар залында Мустафа Кемаль Ататүрктү эскерүү күнү белгиленди

Иш-чарада Ататүрктүн басып өткөн жолу, эл үчүн кылган эмгеги, эрдиги, акылмандыгы айтылып, докладдар окулду. Ошондой эле “10-ноябрь” документалдык фильми көрсөтүлүп, “Ататүрк сүйгөн ырлар” аталышындагы концерттик программа менен коштолду. 

Белгилей кетсек, Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрк алгачкы жолу 1923-жылы президент болуп шайланып, кийин катары менен үч ирет бул милдетти татыктуу аркалаган.

 

Кабарчы: Адинай Курманова