“Spelling Bee” программасынын кезектеги оюну өткөрүлдү
“Spelling Bee” программасынын экинчи оюну 23-ноябрда өткөрүлдү. Ага жалпысынан 34 студент катышты. Алгач эле катышуучуларга оюндун шарттары түшүндүрүлдү.
Оюн 10 раунддан туруп, жыйынтыгында 1-орунга даярдоо курсунун студенти Перизат Карабаева, 2-орунга даярдоо курсунун студенти Канаев Нурсултан жана 3-орунга даярдоо курсунун студенти Сырдыбаева Эркинай татыктуу болду.
Дегеле бул жолку оюнда даярдоо курсунун студенттери үстөмдүк кылды. Оюндун соңунда жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды.
Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева