“Spelling Bee” программасынын кезектеги оюну өткөрүлдү


“Spelling Bee” программасынын экинчи оюну 23-ноябрда өткөрүлдү. Ага жалпысынан 34   студент  катышты. Алгач эле катышуучуларга оюндун шарттары түшүндүрүлдү.

  

Оюн 10 раунддан туруп,  жыйынтыгында 1-орунга даярдоо курсунун студенти Перизат Карабаева, 2-орунга даярдоо курсунун студенти Канаев Нурсултан жана 3-орунга даярдоо курсунун студенти Сырдыбаева Эркинай татыктуу болду. 

  

Дегеле бул жолку оюнда даярдоо курсунун студенттери үстөмдүк кылды. Оюндун соңунда жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды.

 

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева