Мектептерде “Манас” университетинин таанытуу иш-чаралары башталат
Кыргызстандын жети облусундагы мектептерге “Манас” университетинин таанытуу иш-чаралары башталат. Иш-чара Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде Студенттик Кеңеш тарабынан уюштурулууда.
Аймактардагы “Манас” университетинин таанытуу иш-чаралары кышкы каникул ичинде жүргүзүлөт. Аталган иш-чарага жалпы 150 студент катышат. Иш-чаранын алкагында студенттер 9-11-класстын студенттерине “Манас” университетине тапшыруунун жол-жоболорунан тартып, окуу жайдагы шарттар тууралуу кенен маалымат беришет. Ошондой эле интеллектуалдык оюндар, семинарлар өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, окуу жайдын аймактардагы таанытуу иш-чаралары үч жылдан бери жүргүзүлүп келет.
Даярдаган: Адинай Курманова