Мектептерде “Манас” университетинин таанытуу иш-чаралары башталат


Кыргызстандын жети облусундагы мектептерге “Манас” университетинин таанытуу иш-чаралары башталат. Иш-чара Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер  жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде Студенттик Кеңеш тарабынан уюштурулууда.

Аймактардагы “Манас” университетинин таанытуу иш-чаралары кышкы каникул ичинде жүргүзүлөт. Аталган иш-чарага жалпы 150 студент  катышат. Иш-чаранын алкагында студенттер 9-11-класстын студенттерине “Манас” университетине тапшыруунун жол-жоболорунан тартып, окуу жайдагы шарттар тууралуу кенен маалымат беришет. Ошондой эле интеллектуалдык оюндар, семинарлар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, окуу жайдын  аймактардагы таанытуу иш-чаралары үч жылдан бери жүргүзүлүп келет. 

Даярдаган: Адинай Курманова