Студенттерибиз Түркиядагы сынактан 5 сыйлык алды
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин радиотелевидение жана киноискусство бөлүмүнүн беш студенти Түркияда 29-жолу өткөн “Жаш медиа өкүлдөрү” сынагында байгелүү кайтты. Сынак “Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулган.
Аталган сынактан фотография багыты боюнча 1-орунду Кайратбек Азимбаев, 2-орунду Бегим Жолдубай кызы жеңип алды. Ал эми документалдуу “Оймок” фильми менен 2-орунду Касиет Кубанычбекова жана кыска метраждуу “Охота” тасмасы үчүн Ильгиз Шернияз Турсунбай уулу 2-орунга татыды. Тв репортаж боюнча 3-орунду Аяна Байтемирова ээледи.
Конкурста студенттер журналисттик чеберчилик, макала жазуу, аудио жана видео материалдар, реклама, коомчулук менен байланыш жана интернет тармактары боюнча жарышкан.
Даярдаган: Адинай Курманова