Студенттерибиз Түркиядагы сынактан 5 сыйлык алды


    Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  радиотелевидение жана киноискусство бөлүмүнүн беш студенти Түркияда 29-жолу өткөн “Жаш медиа өкүлдөрү”  сынагында байгелүү кайтты.  Сынак “Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулган.

    Аталган сынактан фотография багыты боюнча 1-орунду Кайратбек Азимбаев, 2-орунду Бегим Жолдубай кызы жеңип алды. Ал эми документалдуу “Оймок” фильми менен 2-орунду Касиет Кубанычбекова жана кыска метраждуу “Охота” тасмасы үчүн Ильгиз Шернияз Турсунбай уулу 2-орунга татыды. Тв репортаж боюнча 3-орунду Аяна Байтемирова ээледи.

    Конкурста студенттер журналисттик чеберчилик, макала жазуу, аудио жана видео материалдар, реклама, коомчулук менен байланыш жана интернет тармактары боюнча жарышкан.

Даярдаган: Адинай Курманова