"Жашыруун фигуралар" аттуу кино көрсөтүлдү
11-февраль күнү университетибиздин кинозалда "Жашыруун фигуралар" аттуу фильм көрсөтүлдү. Иш-чарага Американын Кыргызстандагы элчиси, университетибиздин биринчи проректору, проректорлору, мугалимдери жана студенттери катышышты.
 (3).jpeg.jpeg)
 (4).jpeg)
Биринчи бөлүгүндө ачылыш сөзүн сүйлөгөн биринчи проректор проф.,док Асылбек Кулмырзаев: "Бул кинонун максаты айымдардын техникага болгон кызыгуусун арттыруу. Ал эми, Кыргызстанда аялдардын кызыгуусу дээрлик жогору эле деп ойлойм. Биздин университеттин студенттери кино тартып АКШдагы конкурстарга катышып жүрүшөт",-деди.
.jpeg)
Белгилей кетсек, жогоруда аталган кино АКШдагы математика жаатында эмгектенген аял затынын жашоосу тууралуу тартылган.
 (2).jpeg)
Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы

