"Жашыруун фигуралар" аттуу кино көрсөтүлдү


11-февраль күнү университетибиздин кинозалда "Жашыруун фигуралар" аттуу фильм көрсөтүлдү. Иш-чарага Американын Кыргызстандагы элчиси, университетибиздин биринчи проректору, проректорлору, мугалимдери жана студенттери катышышты.

Биринчи бөлүгүндө ачылыш сөзүн сүйлөгөн биринчи проректор проф.,док Асылбек Кулмырзаев: "Бул кинонун максаты айымдардын техникага болгон кызыгуусун арттыруу. Ал эми, Кыргызстанда аялдардын кызыгуусу дээрлик жогору эле деп ойлойм. Биздин университеттин студенттери кино тартып АКШдагы конкурстарга катышып жүрүшөт",-деди.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган кино АКШдагы  математика жаатында эмгектенген аял затынын  жашоосу тууралуу тартылган.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы