Кайрымдуулук жарманкеси уюштурулду
24-октябрда адабият факультетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнүн студенттери кайрымдуулук жарманкесин уюштурушту.
Жарманке « Ак-Жол» балдар үйүнүн балдарына жардам көрсөтүү максатында, аталган факультеттин 3-курстарынын демилгеси менен уюштурулду. Жарманкеде студенттер өздөрү жасап келген тамак-аштарды сатып, жыйынтыгында 12000 сом чогулду.
“Топтолгон акчага балдарды театрга алып баруу жана аларга жаңы жылдык белектер алуу пландалууда”-деди 3-курстун студенти Айсулуу Байжигитова.
Эске сала кетсек, буга чейин коммуникация факультетинин студенттери кайрымдуулук жарманкесин уюштурушкан, анда жалпысынан 19450 сом чогулган эле.
Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева