“Смарт Спорт” спорттук-интелектуалдык таймашы
Үстүбүздөгү жылдын 23-март күнү окуу жайыбыздын спорт аянтчасында “Дени сак улут-дени сак мамлекет!” урааны алдында “Смарт Спорт” аталышындагы спорттук-интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Иш-чара Студенттик Кеңеш башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, студенттер катышты.
	 (1).jpg)
Иш-чаранын максаты студенттерди окуудан сырткаркы убакытын пайдалуу өткөрүүгө жана достук,ынтымакка чакырууга багытталган.
	 (3).jpg)
Спорттук иш-чарага жалпысынан 5 команда катышып, 3-орунга “Мульти”, 2-орунга “Биримдик” жана 1-орунга “Торнадо” командалары ээ болушту.
	 (2).jpg)
	Даярдаган: Балгарт Кенешов
	

