“Смарт Спорт” спорттук-интелектуалдык таймашы


Үстүбүздөгү жылдын 23-март күнү окуу жайыбыздын спорт аянтчасында  “Дени сак улут-дени сак мамлекет!”  урааны алдында “Смарт Спорт” аталышындагы спорттук-интеллектуалдык таймаш  болуп өттү. Иш-чара Студенттик Кеңеш башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, студенттер катышты.

Иш-чаранын максаты студенттерди окуудан сырткаркы убакытын пайдалуу өткөрүүгө жана достук,ынтымакка чакырууга багытталган.

Спорттук иш-чарага жалпысынан 5 команда катышып, 3-орунга “Мульти”, 2-орунга  “Биримдик”  жана 1-орунга “Торнадо” командалары ээ болушту.

Даярдаган: Балгарт Кенешов