ДЕПРЕССИЯ ЖАНА ДЕПРЕССИЯДАН АРЫЛУУ ЖОЛДОРУ


2020-жылдын 18-декабрында Студенттик Кеңештин төрагалыгына караштуу PR клубу тарабынан "Депрессия жана депрессиядан арылуунун жолдору" аттуу семинар болуп өттү.

Семинар онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлүп,иш-чаранын коногу Ph. Д. психолог Кадиян Бообекова болду. Студенттер менен депрессия жөнүндө презентациясын бөлүшкөн психолог Кадиян Бообекова, депрессиядан кантип оңой арылууну жана адамдар депрессияны эң аз зыян менен кантип жеңсе болорун түшүндүрүп берди.

Жалпысынан 96 студент катышкан семинардын аягында студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр