ТҮТҮН


    2021-жылдын 29-январында Студенттик Кеңеш алдындагы "Биота" экологдор клубу тарабынан "Түтүн, кир аба" аттуу семинар уюштурулду. Семинар онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлдү. Иш-чаранын коногу Move Green уюмунун башчысы жана эколог Мария Колесникова болду.

Мария Колесникова өзү жетектеген уюм жана эко уюмдар жөнүндө кеңири маалымат берди. Анда акыркы жылдары Бишкекте булганган аба, анын себептери, булганган абанын адамдарга тийгизген терс таасири жана булганган абаны жок кылуу же минималдаштыруу үчүн эмне кылса болот деген темалар талкууланды. Семинардын аягында студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева