БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР - НУРДУУ КЕЛЕЧЕК


    2021-жылдын 24-январында Студенттик Кеңештин "Ойлоншоу" интеллектуалдык клубу тарабынан уюштурулган "Билимдүү жаштар - Жаркын келечек" аттуу семинар болуп өттү. Семинар онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлдү. Иш-чаранын коногу ийгиликтүү бүтүрүүчүбүз, Түркиянын Анадолу университетинин магистранты, учурда Будапештте окуп жаткан Нурбек Орозалиев болду.

Нурбек Орозалиев кесиби жана "Манас" университетине кантип келгендиги, Европада билим алуу жолдору, чет өлкөдө окуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат бергенден кийин бир катар маселелерге токтолуп, алар жөнүндө айтып берди. Кантип квалификациялуу адам болуу, ийгиликтин сырлары, убакытты туура пайдалануу жана кандай китептерди окуу керектигине да токтоло кетти. Андан соң, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева