ТҮРКИЯ СТИПЕНДИЯЛАРЫ


    Студенттик Кеңешке караштуу "Англисче баарлашуу"- клубу 2020-жылдын 26-декабрында "Түркия стипендиялары"- программасы боюнча вебинар өткөрдү. Семинар онлайн режиминде @English Conversation Instagram аккаунтунда өттү. Иш-чаранын коногу университетибизди ийгиликтүү аяктап, учурда "Карадениз" техникалык университетинин аспирантурасында окуп жаткан Айганыш Абдуллаева болду. Ал бул стипендия программасы жөнүндө кеңири маалымат берип, маанилүү маселелер жана кайрылууларды түзүүдө өзгөчө көңүл бурууга тийиш болгон деталдар жөнүндө айтып берди. Вебинардын жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышуучулар суроолорун узатышып,жоопторун алышты.

Автор: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр