ЖАШЫЛ БИЗНЕСТИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ


    2020-жылдын 10-декабрында Студенттик Кеңештин төрагалыгынын алдындагы "Биота" клубу тарабынан "Жашыл бизнестин артыкчылыктары" аттуу семинар болуп өттү. Онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлгөн иш-чаранын коногу "Бигрин"компаниясынын негиздөөчүсү, Аман Сейдакматов болду. Аман Сейтакматов өзү түзгөн компания жөнүндө маалымат берип : “Колдонулган желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү экологиялык көйгөйдүн чечилиши эмес, бул көйгөйдү бир аз азайтуунун жолу гана. Колдонулган желим бөтөлкөнү 30 жолу кайра иштетүүгө болот. Биздин компания желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүүчү кутучаларды үйлөргө бекер жайгаштырат. " деди.

Семинардын аягында студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди. Семинарга жалпысынан элүү студент катышты.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон:Сайтбурхан кызы Гүлкайыр