ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КАРЕРА КУРУУ


     2021-жылдын 5-февралында Студенттик Кеңештин 'Экономика' клубу тарабынан “ Чет мамлекетте карьера куруу” аталышындагы онлайн-семинар уюштурулду. Иш-чара Google Meet тиркемеси аркылуу онлайн режиминде өттү. Иш-чаранын коногу университетибиздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири жана көптөгөн өлкөлөрдө филиалы жайгашкан Түркиянын Эларалык FLO чекене компаниясынын финансы бөлүмүнүн жетекчиси Тынчтыкбек Кубатбеков болду.

Тынчтыкбек Кубатбеков карьерасы, карьера жолунда эмнелерди үйрөнгөндүгү, эмнелерди баштан кечиргендиги жана жетишкендиктери жөнүндө сөз кылды. Студенттерге ийгиликке бир кадам жакын турууга түрткү берген мотивациялык сөздөрүн айтт ы. Мындан тышкары, ал магистратура, ишкердик турмушта талап кылынган көндүмдөр, китептер жөнүндө кеңештери менен бөлүшүп, катышуучулар тарабынан берилген көптөгөн суроолорго жооп берди.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева