ЖАНДУУ МУЗЫКА КЕЧЕСИ


     2021-жылдын 28-февралында Студенттик Кеңештин 'Музыка' клубу тарабынан "Жандуу музыка кечеси" аталышындагы концерт уюштурулду. Иш-чара онлайн режиминде Google Meet аркылуу өткөрүлдү. Иш-чаранын коногу Бексултан Үсөнов болду.

     Бексултан Үсөнов музыкалык кечеде фортепианонун коштоосунда классикалык музыкаларды аткарды. Онлайн режиминде болгонуна карабастан, иш чарага 90дон ашык студент катышты. Фортепианодо ойногондон кийин группалаштары да катышуучуларга белек катары фортепианодо ойноп беришти. Мындан тышкары, катышуучулар тарабынан келип түшкөн суроо-талаптарды аткарып берген соң программа жыйынтыкталды.

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева