Жаштар уюмдарынын биринчи жарманкеси болуп өттү


14-ноябрда Бишкек Гуманитардык университетинде жаштар уюмдарынын биринчи жарманкеси болуп өттү.

 Иш-чара “Лидер жаштар”, “Манас ордосу” клубдары  жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулду. Ага университеттер, лицейлер жана уюмдардын өкүлдөрү катышып, студенттерге жана мектеп окуучуларына өздөрүнүн уюмдары тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле төрт багытта, тагыраак айтканда бизнес, билим, маданият жана спорт багыттарында 40 минуталык мастер класстар өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында иш-чаранын максаты жаштардын ортосунда баарлашуу аянтчасын түзүү. Жарманкеде студенттик кеңешибиз  университетибизди таанытышты.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева.