КЫРК КЫРДУУ КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ


     2021-жылдын 25-февралында Студенттик Кеңештин 'Инсандык өнүгүү' клубу тарабынан "Манас" университетинин клубдары арасында "Кырк кырдуу кыргызымдын жигиттери" аталышындагы сынак уюштурулду.

     Иш-чарага 4 студенттен турган 7 клубдун командасы катышты. Бул Даярдоо, Экономика, Маданият, Туризм, Кино, Социология, Ойлоншоу клубдары болду. Сынакта ар тармактагы Кыргызстанга белгилүү мырзалар жөнүндө суроолор берилди. Ийгиликке жетишип, орун алган командаларга сыйлыктар тапшырылды.

Бул командалар;

Маданият клубу: Жылмай командасы – 1000 сом

Экономика клубу: Жетишсиздик командасы – 800 сом

Ойлоншоу клубу: Жөнөкөй командасы- 600 сом

Даярдаган: Мухаммед Рамазан Куртоглу

Которгон: Саадат Казакбаева