“Инсандык өнүгүү” клубу өнүгүүгө карай жол


18-ноябрда   “Инсандык өнүгүү” клубу  бул окуу жылындагы алгачкы семинарын өткөрдү.  

Семинардын коногу тарых илимдеринин доктору, профессор, булак таануу боюнча барандуу адис, университеттин проректору Анварбек Мокеев менен кыргыздын археолог, тарыхчы, окумуштуусу проф.,док.Кубатбек Табалдиев болду.

Клубдун биринчи иш-чарасында  “Тарых жана Маданият жылына”  карата кыргыздардын калыптаныш тарыхы, тарыхтагы орду жана учурдагы абалы тууралуу семинар өтүлдү. Семинарда проректор  кыргыздардын тарыхынан тышкары тарых илимине келип калуу себеби менен тил үйрөнүүдөгү ыкмалары менен бөлүштү. 

Белгилей кетсек,  “Инсандык өнүгүү” клубу 2013-жылдын март айында түзүлгөн. Клубдун максаты студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

                                     Кабарчы: Адинай Курманова