Университетибиздин Студенттик Кеңеши сыйланды


17-ноябрда   Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында Эл аралык жаштар күнүнө карата уюштурулган “Жаштар жумалыгы” жыйынтыкталып, ЖОЖдордогу Студенттик  Кеңештерде иш  алып барган  активдүү студенттерди сыйлоо аземи өткөрүлдү. Иш-чара  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулду. 

Сыйлоо аземинде  активдүү студенттер ардак грамота менен сыйланып, “Elite House”  курулуш компаниясынан үй алуу үчүн 150 000 сомдук сертификатын белекке алышты. Бул сыйлыкка “Манас” университетинин Студенттик Кеңешинин атынан анын төрагасы Залкар Аманов менен орунбасары Атилла Гүвен ээ болду. 

   

Иш-чара таланттуу студенттер менен  белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт менен коштолду. Концертте окуужайдын  атынан Комузчулар фолькулордук  ансамбли менен Сырга Жапар кызы өнөрлөрүн тартуулап кайтышты.

Эске сала кетсек, “Манас” университетинде Студенттик Кеңеш 2001-жылы түзүлүп, он беш жылдан бери активдүү иш алып барууда.

 

Кабарчы: Адинай Курманова