Cтуденттик Кеңештин төрагалары “Манаста” жолугушту


23-ноябрда Студенттик Кеңештин төрагасы Залкар Аманов жана анын орунбасары Атилла Гүвен Бишкек шаарындагы сегиз университеттин Студенттик Кеңештеринин төрагалары менен жолукту.

Жолугушууда  Студенттик Кеңештер тарабынан Бишкек шаарында жасала турчу иштер талкууланды. Анда биздин төрагалар  улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнү сунушташып, баары аны бир добуштан колдошту. 

Ушул сымал чогулуштар мындан ары да уланарын жана кийинки жолугушууларга борбордогу баардык университеттердин төрагалары катышарын төрага Залкар Аманов билдирди.

Кошумчалай кетсек чогулушта  “Лидер жаштар” клубунун башчысы Бекбай Тыныбек уулу “Жаштар жумалыгы” программасына ийгиликтүү катышкандыктары үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик Кеңешин мактоо баракчалары менен сыйлады.

 

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева