“Менеджмент” темасындагы семинар уюштурулду


25-ноябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Менеджмент” темасындагы  семинар уюштурулду. Семинардын коногу университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы агай болуп, ага 100дөн ашык студент катышты.

Семинардын жүрүшүндө ректор агай лидерлик тууралуу кенен баяндап, анын сырлары, сапаттары, баскычтары жөнүндө айтып берди. Кантип лидер болуу керектигин белгилүү лидерлердин мисалында түшүндүрүп өттү.

Иш-чаранын соңунда студенттер  кызыктырган суроолорун берип, агайдан пайдалуу кеңештерди алды.

 

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева