Кош келипсиң, студент!


25-ноябрда КТМУнун даярдоо курсунун студенттери үчүн Студенттик Кеңеш тарабынан көңүл ачуу кечеси уюштурулду.

Кеченин коноктору белгилүү ырчылар Курал Чокоев, Марлен, Сырга Сагынбекова жана “Modern Dance” бий группасы болушуп, мындан тышкары көркөм өнөр факультетинин студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле кечедеги кызыктуу оюндар, фуршет, дискотека жана жандуу музыка залды шаңга бөлөдү. 

Айта кетсек, мындай көңүл ачуу кечелери Студенттик Кеңеш тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет. 

 

Даярдаган: Асел Шамилова