Мугалимдер күнү белгиленди


24-ноябрь күнү “Музыка” клубу тарабынан мугалимдер күнүн утурлай концерт уюштурулду.  

Концерт Социалдык Курулуштар имаратынын 2-кабатында өткөрүлүп, ага проф., док. Себахаттин Балжы жана мугалимдер жамааты күбө болуп кайтышты. Иш-чарада “Музыка” клубунун мүчөлөрү кыргыз, түрк, англис жана орус тилиндеги ырларды ырдашып, музыкалык аспаптардын коштоосундагы чыгармаларды аткарышты. Мындан тышкары ыраазычылык, каалоо-тилектер айтылып, көркөм ырлар окулду. 

Белгилей кетсек, 1928-жылдын 24-ноябрында Ататүрккө “Баш мугалимдик” наамынын  берилиши менен Түркияда  1981-жылдан тартып жыл сайын 24-ноябрь  мугалимдер күнү катары  белгиленип келет.  

Кабарчы: Адинай Курманова