Китеп жарманкеси уюштурулду


7-декабрда Студенттик Кеңештин “Билим” комитети тарабынан китеп жарманкеси уюштурулду. Жарманкеге 2000ден ашуун китеп коюлду.

Китептерди  “Сабат”, “Турар” басмаканаларынан, жазуучулардан жана студенттерден чогултушкан. Алардын баалары 20 сомдон 5000 сомго чейин болуп, башка жактардагы бааларга караганда арзан болду.

Топтолгон акчалардын орто баасы китептин ээлерине кайтарылып берилет.  Калган каражат мүмкүмчүлүгү чектелген балдарга Жаңы-жылдык белек алуу үчүн “Ак-Ниет” клубу тарабынан жумшалмакчы.

Кошумчалай кетсек 13-декабрда “Ак-ниет” клубу тарабынан мүмүнчүлүгү чектелген балдарга Жаңы-жылдык концерт К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында уюштурулат.

 

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева