“Достук кубогу” мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды


5-декабрда Студенттик кеңеш тарабынан уюштурулган “Достук кубогу” аттуу футболдук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Мелдешке жалпы 13 клуб,  17 команда катышып, финалга 3 команда чыккан. Кызуу оюндун жыйынтыгында 1-орунду “30 Mayıs” командасы багындырса, 2-орунду  “Туризм” клубу ээлеп, ал эми 3-орунга “Зевс” командасы татыды.  Орун ээлеген командаларга сыйлуу белектер тапшырылды. 

Айта кетсек, “Достук кубогу” 17-ноябрь Студенттер күнүнө карата уюштурулган. 

 

Даярдаган: Асел Шамилова