“Limkokwing» университетинин өкүлдөрү окуу жайыбызда мейманда


6-декабрь күнү  Коммуникациянын жыйын залында Малайзиянын  “Limkokwing» университетинин өкүлдөрү  окуу жай менен  таанышуу семинарын өткөрдү.

Семинарда алгач Малайзия өлкөсү тааныштырылып, андан соң  “Limkokwing» университетинин факультеттеринен  тартып, мүмкүнчүлүктөрү, жетишкендиктери, жана студенттердин жашоосу тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары аталган окуу жайдын  таанытым видеосу көрсөтүлүп, Малайзиянын өкүлдөрү окуу жайыбыз менен таанышып кайтышты. 

Белгилей кетсек, дүйнөнүн 130 өлкөсүнөн келген студенттерге билим берип жаткан бул университет Малайзиядагы эң мыкты университеттердин ичинен 14-орунда турат.

 

Даярдаган: Адинай Курманова